Орусиянын экономика илимдеринин доктору кыргыз студенттери жана мугалимдери үчүн лекция окуйт

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Орусия Федерациясынын Президентине караштуу Эл-чарбачылык академиясынын Түндүк-Батыш башкаруу институтунун жана мамлекеттик кызмат делегациясы келет. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Башкаруу академиясынын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка караганда, делегациянын башында Түндүк-Батыш башкаруу институтунун директору Владимир Шамахов турат.

Экономика илимдеринин доктору 27-март күнү академиянын студенттери жана окутуучулары үчүн "Евразиялык экономикалык союздун жаңы горизонттору: Санкт-Петербургдун көз карашында" деген темада ачык лекция окуйт. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Шамахов мырзага "КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ардактуу доктору" деген наам берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан