“Ата Мекендин” депутаттары Ошто шаардын жаңы башкы планын талкуулашат

“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары 27-мартта Ош шаарында өтүүчү тегерек столго катышышат. Фракциядан билдиришкендей, жыйында Ош шаарынын жаңы башкы планынын долбоору, муниципалдык жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн турак үйлөрдү бузуу жана тартып алуу тажрыйбасы тууралуу маселелер талкууланат. “Ата Мекен” фракциясы “Ош шаарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамды иштеп чыгууга жана кабыл алууга активдүү катышкан. Ошондуктан фракциянын депутаттарын тегерек столго чакырып жатабыз. Шаардын башкы планын азыртадан иретке келтирип албасак, Ош шаарынын келечеги кыйын болуп калат. Шаардын көйгөйлөрү көп”,- дейт аталган иш-чаранын уюштуруучусу Гүлгакы Мамасалиева.

Ош шаарына аймактардан келгендердин саны 100 миңден ашары айтылды. Дачада үй салышып 10 жылдан бери жашап жаткандары бар экени, аларды мыйзамдаштыруу зарылдыгы белгиленди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан