Жоомарт Оторбаев Казакстандын кыргыз жериндеги элчисин кабыл алып, аны жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 25-мартта кыргыз мамлекетиндеги дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Казакстандын кыргыз жериндеги элчиси Бейбит Исабаевди кабыл алды. Кыргыз-казак мамилесин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн элчиге ыраазычылык айтып: "Бул мезгил аралыгында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду, көптөгөн эки тараптуу көйгөйлөр чечилди. Соода тармагында жетишкендиктер болду, акыркы эки жылда өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард долларга жетти",- деп билдирди Оторбаев. Өкмөт башчы Исабаевди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады. 
Айта кетсек, Бейбит Исабаев мындан ары Казакстандын Азербайжандагы элчиси кызматын аркалайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан