Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 25-мартта калктын жайгашуусу жана өнүгүү маселеси талкууланган тегерек столго катышты. Вице-премьер 2014-жылдын 12-августунда БУУнун Башкы ассамблеясынын 68-сессиясынын резолюциясы аркылуу “Биз каалаган келечек” аттуу туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун кеңешмесинин документи жактырылганын белгиледи.
“Бул документте 2015-жылдан кийинки глобалдуу туруктуу өнүгүүнүн максаттары чагылдырылган. Максаттары - жакырчылыкты жоюу жана азык-түлүк коопсуздугун, сергек жашоо образын, сапаттуу билим берүүнү, гендердик теңчиликти, суунун үнөмдүү пайдаланууну камсыздоо, аба ырайынын өзгөрүүсүнө каршы күрөш жүргүзүү жана башка. Жакын арада 2017-жылдан кийинки кыргыз мамлекетинин жаңыча өнүгүү стратегиясынын концепциясын иштеп чыгуу жана туруктуу өнүгүүнүн жаңы максаттарын талкуулоо процесси башталат",- деди Ниязалиева.