Казакстанда бүгүн, 26-мартта президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттоо аяктаганын жарыялады. Расмий каттоодон өткөн талапкерлер: Казакстандын учурдагы президенти Нурсултан Назарбаев, Казакстандын Коммунисттик партиясынын өкүлү Тургун Сыздыков жана өзүн өзү көрсөткөн Профсоюздар федерациясынын башчысы Абилгази Кусаинов.
Айта кетсек, Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 26-апрелде өтөт.