Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 27-28-март күндөрү Ош облусунда иш сапары менен болот. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өкмөттүк аппараттан билдиришти. Өкмөт жетекчиси чек арадагы "Эркеч-Там унаа жолу" көзөмөлдөп өткөрүү пунктуна жана Нура айылындагы "Кара-Мык" чек ара тозотунун абалы менен таанышат. Мындан башка мекемелерди да кыдырары күтүлүүдө.