"Доллардын курсу дагы көтөрүлөт" деген божомолдорду бере албайбыз" дейт Улуттук банктын өкүлү

"Былтыр "1 доллардын баасы 70-80 сомго чейин жетет" деген бир катар божомолдор айтылган, бирок жыл аягында анын курсу 59 сом менен токтоду. Ал эми азыркы тапта "доллардын курсу 80-100 сомго чейин" өсөт деген божомолдор айтылууда. Биз мындай божомол бере албайбыз",- дейт Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш.

“Улуттук банк бул сыяктуу божомолдорду айтып жана аны алдын ала бере албайт. Былтыр да ушундай божомолдор байма-бай айтылган, бирок андай нерсе болгон жок. Ошол себептен улам биз доллардын курсу 80 же 100 сомго чейин чыгат деп айта албайбыз. Учурда долларга болгон суроо-талап чоң болуп жатат. Ошол себептен анын курсу саат санап өсүүдө”,- деди Н.Жеңиш.  

Өлкөдөгү доллардын кунунун өсүшүнө тышкы жана ички сезондук факторлор себеп болгонун кошумчалады: "Азыркы тапта доллардын кунунун өсүшү биздин өлкөдө эле байкалган жери жок, дүйнө жүзү боюнча валюталар долларга карата арзандоодо. Мындай көрүнүш бир катар мамлекеттерде байкалып жатат. Биздин өлкөдө анын кымбатташы жазгы талаа иштерине да байланыштуу. Себеби өлкөгө күйүүчү майлардын импорту көбөйүп, бул жагдай да доллардын кунунун көтөрүлүшүнө өбөлгө болууда".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zarina2005
2015-03-26 13:17:34
Саламатсыздарбы админ бир кун мурун рубль менее доллардын томондоо же жогорулоо болгонун айта албайстарбы Эгер эртеге курс кандай болоорун бир кун алдын билип турсак да жакшы болот эле мумкунчулугунуздор болсо Эгер алдын ада рахмат
0
admin_portal
2015-03-26 14:03:17
zarina2005, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
zasekrecheno
2015-03-26 15:18:59
zarina2005,супер kg валтага прогноз кылган болсо газета эмес биржа болуп албайбы эле
аны бир гана кудай билет
0
zama..kg..86
2015-03-26 17:05:19
Ии неге Россияда доллардын баасы тушуп атса Кыргызстанда которулуп ататда неге
+1
kalbek87
2015-03-26 23:44:10
zama..kg..86, биз 95 пайыз импорт менен жащайбыз ошондуктан осуп жатат. Ал эми Россияда импорт 23 пайыз, ошондуктан ал жакта инфиляция слабый. Инфиляция импорту коп мамлекеттерге гана чон таасир корсото алат.
0
admin_portal
2015-03-27 09:49:53
warsaw. - кыргыз тилинде жазууну сунуштайбыз.
Manasemetei, zhykyo, bom.bon, kalbek87, st1m_, Danel - талкуудан алыстабасаңыздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан