Борбор калаада жасалма 10 сомдуктарды жүгүртүүдө колдонуу учурлары көп катталууда. Улуттук банкка мындай арыздар менен кайрылгандар да бар. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.
“Ооба, мындай учурлар көп катталууда. Эгер сиздердин да колуңуздарда мындай жасалма тыйындар болсо, сөзсүз Улуттук банкка кайрылуу керек. Буга чейин да бизге шаардын тургундары кайрылышкан болчу. Биздин адистер ал кайсы жактан чыкканын жана ким таратканын аныктоо иштерин жүргүзүүдө",- деди Н.Жеңиш.