Өлкө аймагында 474 миң адам мамлекет тарабынан жөлөк пул алууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта маалымат жыйынында КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
"Өлкө аймагында 25 категориядагы 474 миң адам мамлекет тарабынан жөлөк пул алууда. Аларга төлөнүп жаткан акча каражаттын суммасы 6 миллиард 560 миллион сомду түзүүдө. Былтыр жүргүзүлгөн бир катар иш-чаралардын алкагында жөлөк пул алган балдардын саны 304 миңден 307 миңге чейин жеткирилди",- дейт К.Базарбаев.