Жеке ишкерлер үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдүн акысы көтөрүлөт

Президент Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 11-февралында кабыл алынган мыйзамдын максаты - пенсиянын өлчөмү менен камсыздандыруу төлөмүнүн ортосундагы тыгыз байланыш түзүүдө пенсиялык камсыздандыруу принциптерине жетишүү, пенсиялык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүнүн  тарифтерин жана кабыл алган милдеттердин өлчөмүн актуалдуу шайкештикке келтирүү.

Мыйзам менен дыйкан чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү, жеке ишкерлер үчүн алардын келечектеги пенсиялардын өлчөмдөрүн көбөйтүү максатында мамлекеттик социалдык камсыздандырууда камсыздандыруу тарифтерин этаптуу көбөйтүү каралат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан