Эл өкүлдөрү Сузак районунун калкы менен жазгы талаа иштерин талкуулашты

Жогорку Кеңештин депутаттары Токтогул Туманов менен Нурлан Касымбеков бүгүн, 26-мартта Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Жолугушууда жергиликтүү калктын өкүлдөрү КР Өкмөтүнүн жазгы талаа иштерине карата көргөн камылгасына байланыштуу маселелерди козгошту. Элеттиктердин айтымында, андай камылгалар өткөн жылга салыштырмалуу кыйла начар, жер семирткичтер жетишсиз, күйүүчү майдын баасы өсүүдө. 

Депутаттар жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөр парламент жыйынында козголо турганын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан