Депутаттар Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү менен балдарды патриоттуулукка тарбиялоону сунушташууда

Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады. Документке ылайык, кодекске бойго жете элек балдардын милдеттери жөнүндө жаңы берене киргизилмекчи.
Депутаттын айтымында, Үй-бүлө кодексинде жана тиешелүү мыйзамдарда ата-энелердин милдеттери гана аныкталган. "Ата-энелер өз милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбаганда аларга карата жоопкерчилик каралган. Кодексте балдардын укуктары каралып, милдеттери көрсөтүлгөн эмес. Ушул норма киргизилгени жатат",- дейт Мадалиев.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда балдар төмөнкүлөргө милдеттендирилишет:

- Конституциянын жана ченемдик-укуктук актыларды урматтоо жана сактоо;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун билүү жана урматтоо;

- Ата Мекенди сүйүү;

- тарыхый жана маданий баалуулуктарды, улуттук үрп-адаттарды, салттарды сактоо, баалоо жана урматтоо, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо;

- Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык негизги жалпы орто билим алуу;

- толук кандуу жашоону улантуучу мураскор катары өзүнүн ден соолугуна камкордук көрүү жана сактоо;

- өзүн эмгекке жана башка коомго пайдалуу ишке даярдоо;

- ата-энесин (аларды алмаштыруучу адамдарды) жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтоо, ата-энеси ооруганда же башка кырдаалдар болгон учурда аларга жана жардамга муктаж болгон үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө жардам берүү;

- үй-бүлөдөгү, тарбия, билим берүүчү жайлардагы жана коомдогу белгиленген ченемдерди жана эрежелерди сактоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткаруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан