Нарын. Эльвира Сариева билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мугалимдердин айлыктарын көбөйтүү керектигин айтты

Бүгүн, 26-мартта билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Нарын облусунун мектеп мугалимдери жана директорлору менен жолугушуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана каржылоо маселелерин талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, өлкө боюнча мугалимдерди жумушка тартуу Нарын облусунда эң жакшы жүргүзүлүп жатат. Ошол эле учурда мугалимдер арасында окуу сааттары туура эмес бөлүштүрүлгөн. 

"Маселенин чоо-жайын жакшы түшүнбөгөндөр “Нарын облусунда мугалимдердин айлыгы башка облустарга караганда эң төмөн” деп ойлоп калышы мүмкүн. Бул нерсе мектеп жетекчилигинин окуу сааттарын көп мугалимдер арасында бөлүштүрүшүндө болуп жатат. Натыйжада сааты аз адистердин айлыктары да аз. Ар бир мектептин максаты - сапаттуу билим берүү, ал эми директордун милдети - жалпы билим берүүчү окуу жайында эң мыктыларды гана иштетүү”,- деди министр.

Муну менен катар Эльвира Сариева мектеп жана бала бакча мугалимдеринин маяналарын бирдей көтөрүү керектигин белгиледи. "Ошондой эле адистерге квалификациясына жараша кошумча каражаттар каралган. Бул сунушту өкмөттүн кароосуна жибердик. Каржы министрлиги бизди колдойт деп ишенебиз”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazira1989
2015-03-26 17:30:37
Озу негизи бул маселе котурулуп жургон,дагы эле журо бермекчи,министр,депутаттар айыл жергесине,райондорго барганда чай ичпей эле кете бергилечи,силерге алынган чайды да биз мугалимдер толоп калып жатабыз,же озунордун счетунарга ичкиле.Мектепке барып чогулуш отуп жатасынар да,а аны биз толоп жатабыз,курсагынар деги качан тоет???...
+1
uulay
2015-03-26 19:00:48
Которуу кк эмес эле илгери которуш кк болчу. Бизге окшогондор талаада темселебей иштейт элек бала-чака,ата-энебиздин жанында
0
Sharipa-asia
2015-03-26 20:03:29
Которгуло Москвада журбойт элек темселеп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан