Жогорку Кеңештин депутаттары республиканын аймактарын кыдырышууда. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты
Абдимуктар Маматов бүгүн, 26-мартта Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Алга жана Эски-Покровка айылдарынын тургундары менен жолугушту. Депутат жарандардын суроолоруна жооп берип, айрым маселелерди жеринен чечип берүүгө убада берди.
Ал эми депутаттар Токтогул Туманов менен Нурбек Касымбеков Сузак районунун тургундары менен жолугушту.
Айыл тургундарынын айтымында, жазгы талаа иштерине кам көрүү өткөн жылга салыштырмалуу начар, жер семирткичтер жетишсиз болууда. Күйүүчү майдын баасынын өсүшү да зыянын тийгизип жатканын айтышты.