Чаек айылында түзүлгөн жагдай Жарандык коргоо комиссиясынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 24-март күнү саат 16:00 чамасында Чаек айылынын Узун-Булак, Базаркан, Кара-Жээк коктуларынан, Жаман-Талаа жайытындагы кардын эришинен суунун агымы көбөйүп, 2 турак үйдүн короосуна суу кирген. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен жээктерди бекемдөө иштери жүргүзүлүп, суу каптоо коркунучтары жоюлган. Учурда Жумгал районунун Чаек айылындагы түзүлгөн жагдай Райондук жарандык коргоо комиссиясынын көзөмөлүндө.