"Социалдык фонддун 2014-жылга бюджети жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 19-февралында кабыл алынган мыйзамдын максаты - 2014-жылдын жыйынтыктары боюнча Социалдык фонддун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолуна түзөтүү киргизүү.

Киргизилген түзөтүүлөрдө 2014-жылдын жыйынтыктары боюнча Социалдык фонддун профицити эске алынып, тиешелүү көрсөткүчтөр такталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан