Бактыбек Секимов маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттөн билдиришти. Буга чейин маданият, маалымат жана туризм министринин орун басарынын милдетин аткарып келген Мукталы Бектеналиев ээлеген кызматынан бошотулду.
Б.Секимов 2012-жылдан 2015-жылдын 18-февралына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы болуп иштеген.