Европалык парламенттин төрагасы Мартин Шульц: "Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуу каралгандан узагыраак убакытка созулду жана жакшы өттү"

Кечээ, 26-март күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бельгияда өтүп жаткан расмий иш сапарынын жүрүшүндө Европалык парламенттин төрагасы Мартин Шульц менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүдөн чыккандан кийин журналисттердин алдына чыгышып, Мартин Шульц биринчи сөздү алды. 
"Жолугушуу каралгандан узагыраак убакытка созулду жана жакшы өттү. Пикир алмашуу терең жүрүп, талкуубуз таасир калтырды. Ушул жолугушуудан кийин Европалык союз менен кыргыз өлкөсүнүн өнөктөштүгү дагы да маанилүү болот деп эсептейм. Европалык парламенттин Кыргыз Республикасына дайыма колдоо көрсөтөрүнө ишендиргим келет. Быйылкы жылдын экинчи жарымында мен кыргыз жерине иш сапарым менен барам жана ошондо талкуубуз дагы уланат",- деди Мартин Шульц. 
Президент Алмазбек Атамбаев билдирүүнү мындайча улантты: "Буга чейинки Франциянын президенти Франсуа Олланд жана бул сапар Европалык парламенттин төрагасы Мартин Шульц менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Украинадагы, Молдовадагы конфликттик маселелер боюнча Европалык союз менен Орусиянын позицияларын жакындатуу мүмкүн болгондой көрүнүп жатат. Ошондой эле Мартин мырзанын ушул жылы иш сапары менен кыргыз өлкөсүнө келишин чыдамсыздык менен күтүп калабыз".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан