Быйылкы жылдын 18-22-январында Швейцариянын Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин отурумунда кыргыз өкмөтү ийгиликтүү баяндама жасады. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта өкмөттүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин отурумунда вице-премьер-министр
Абдырахман Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, Женевадагы жыйында Кыргыз Республикасына байланыштуу 75 мамлекет тарабынан өлкөдө конституциялык, соттук, укуктук реформалар жакшы жүрүп жаткандыгы айтылды. "Жалпысынан БУУнун отурумунда 196 сунуш түштү, алардын 139у кабыл алынды, 29у кароого алынды. Негизинен, сунуштардын көбү чет өлкөлүк агенттер, эне жана баланын укуктарын коргоо боюнча мыйзам долбоорлоруна байланыштуу болду",- деди Маматалиев.