Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районуна болгон иш сапарында КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Калмаматов белгилүү обончу жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун жаңы ачылган үй-музейинин абалы менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Тынчтык Турдалиев билдирди.
Кыргыздын жүрөгүнөн өлбөс ырлары, мукамдуу обондору менен орун алган композитордун музейи аталган райондун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында ачылган. Рыспай Абдыкадыров ушул айылда туулуп, бала чагын дал ушул айылда өткөргөн.
Ырчынын артында калган кызы, күйөө баласы демилге көтөрүп, Сары-Булак айыл өкмөтүнүн көмөгү жана элдин колдоосу менен ырчы жашап өткөн үйдү музейге айлантышкан. Үй-музейде обончунун колдонгон буюм-тайымдары, кийген кийимдери жана сүрөт көргөзмөлөрү жайгаштырылган.
Музейдин абалы менен таанышып чыккан эл өкүлү Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жана Р.Абдыкадыровдун туугандарына ыраазычылыгын билдирүү менен музейге мамлекеттик колдоо көрсөтүп, музейге жаңы штаттык бирдиктер бөлүнүшү каралып жаткандыгын айтты.