Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Пётр Александров, аскер кызматынын ардагери Вячеслав Лялин, Ленинград блокадасынын катышуучусу Григорий Куприященко Санкт-Петербург шаарынан "Эскерүү эстафетасы" акциясына катышуу үчүн кыргыз мамлекетине келди. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Эскерүү эстафетасынын" алкагында Бишкек шаарынын "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс оттун тамызгысын берүү аземи жана Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата көчөт отургузуу акциясы болот. Ардагерлер П.Александров, В.Лялин, Г.Куприященко Кыргыз Республикасынан Санкт-Петербургга Өчпөс оттун тамызгысы салынып бериле турган кутучаны жеткирүү милдетин өтөшмөкчү",- деп айтылат маалыматта.
Бардык КМШ өлкөлөрүнөн алынган Өчпөс от тамызгылары Санкт-Петербург шаарына жеткирилип, 16-апрелде КМШ ПААнын штаб-квартирасы жайгашкан Таврия сарайынын алдында өтүүчү салтанаттуу иш-чара алкагында КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан шериктештиктин символу катары от тамызгылары бир бүтүнгө бириктирилет. КМШ ПААнын факели андан ары Ленинграддын каарман коргоочулары монументине берилмекчи.