2015-жылдын 3 айында кышкы мезгилди өткөрүү иштерине республикалык бюджеттен 1 миллиард 403 миллион сом жумшалды

Кыш мезгилине даярдануу жана өткөрүү менен байланышкан иш-чараларды каржылоого 2015-жылдын январь, февраль жана март айларында республикалык бюджеттен 1 миллиард 513 миллион 700 миң сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 26-мартка карата аталган сумманын 1 миллиард 403 миллион 400 миң сому жумшалды же тармак 92,7 пайызга каржыланды. "Көмүр сатып алууга 11 миллион 200 миң сом, бийик тоолуу райондордун калкына электр энергиясы үчүн компенсацияларга 38 миллион 700 миң сом, бюджеттик ссудаларга 400 миллион сом жумшалды",- деп билдирди министрлик. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан