“Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон депутаттар бүгүн, 27-мартта Ош шаарынын башкы планы талкууланып жаткан тегерек столго катышууда. “Интербилим” эл аралык фондунун Ош шаарындагы филиалы уюштуруп жаткан тегерек столдо "Ош шаарынын башкы планын талкуулоо”, "Жаңы башкы планынын долбоорунун тушоосун кесүү”, “КРнын муниципалдык жана мамлекеттик муктаждыктары үчүн турак үйлөрдү бузуу жана кайтарып алуу тажрыйбасын талкуулоо”, “Ош шаарынын башкы планын аткаруу” сыяктуу маселелер каралат. Ага “Биздин укук” коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаар депутаттары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Шаар курулуш илим изилдөө институтунун кызматкерлери катышууда.
"Ош шаарынын башкы планы 1950-1970-жылдарга таандык. Заман талабы башкы планды өзгөртүүгө алып келүүдө. “Ата Мекен” парламенттик фракциясы “Ош шаарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамды иштеп чыгууда жана кабыл алууда чоң кызмат өтөгөн. Шаардын көйгөйлөрү бир топ, аларды биргелешип чечүү - жалпыбыздын милдетибиз”,- дейт иш-чаранын уюштуруучусу Гүлгаакы Мамасалиева.
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө башкы планда Ош шаарынын гана аянтын кеңейтүүгө көбүрөөк көңүл бурулганын айтты. Ошондой эле депутат башкы план шаардын тургундары үчүн бир-эки жылга эмес, алыскы мерчемге белгиленип чийилиши керектигин белгиледи. Мындан тышкары Текебаев Ош шаарын курчап турган адыр-тоолорду ар тараптуу изилдеп, ал жерлерге суу жеткирип, ал жактарды дагы шаардын аймагына кошуп, шаардыктардын жашоо-тиричилиги үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү керектигин белгиледи. Ошондой эле Ош шаарынын борборунда социалдык объектилердин жокко эсе экендигин, келечекте бала бакчалары жана балдар ойноочу аянтчалар дагы эске алынышы керектигин айтып өттү. Жалпы республиканын калкынын өсүп жаткандыгын, ошондуктан республикада элдин турак жай көйгөйүн ар тараптуу чечүү максатында мамлекеттик деңгээлдеги мерчем иштелип чыгышы керектигин да кошумчалады.
Ош шаарынын башкы архитектору Жолдошевдин айтымында, азыр шаарда 600 миң калк жашайт жана жыл сайын өсүү жолунда. 1951-жылы түзүлүп, 1971-жылы гана бекитилген эски башкы план заман талаптарына жооп бербей калгандыктан, Ош шаарынын жаңы башкы планы 2015-жылга чейин түзүлүп, шаар 14 миң гектарга чейин өсүп, ал план боюнча эл аралык каттамдарга ар тараптуу жооп берген жаңы эл аралык аэропорт курулмакчы.
Талкууга катышкандардын көбү башкы планда шаарды кеңейтүү жагы гана каралып калгандыгын баса белгилешип, карапайым калктын турмуш-тиричилигине ылайыкташкан инфраструктуралык жагдайлар, суу, көрктөндүрүү, унаа тыгындар боюнча өздөрүнүн сунуш-пикирлерин башкы планды иштеп чыккандарга билдиришти.