Асылбек Жээнбеков Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата өткөн акцияга катышып, ардагерлерге ыраазычылык билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 27-мартта Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата Бишкек шаарында өткөрүлгөн "Эскерүү эстафетасы" акциясына катышты. Улуу Жеңиш тарыхта өчпөс тамгалар менен жазылып калганын белгилеген төрага согуштун ардагерлеринин эрдиги муундан-муунга аңыз болуп айтылып кала берерин билдирди.

"Согуштан кайтпай калган баатырларга, Жеңиштин ушул күнүн көрбөй калган каармандардын элесине терең таазим этебиз. Жалпы адамзатты кулчулуктан куткарган Улуу Жеңишти алып келген сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз! Бүгүн биз кан майданда каза болгондордун, согуш жана оорук ардагерлеринин жаркын элесине таазим кылып, арабызда аман жүргөн ата-энелерибиздин эрдигине дагы бир ирет башыбызды ийебиз!"- деди спикер.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан