Орусиянын өкмөтү "Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду жөнүндө" эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун бекитти.
Маалыматка ылайык, фонддун максаты - Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, кыргыз экономикасын жаңылоо жана өнүктүрүү. "Фонддун алкагында пландалган долбоорлор кыргыз экономикасын Бажы союзу, Евразиялык экономикалык союз жана Бирдиктүү экономикалык аймактын нормаларына ыңгайлаштырууга багытталган",- деп билдирет Орусия өкмөтүнүн басма сөз кызматы.
Айта кетсек, эми Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун түзүү боюнча өкмөттүн чечимин Орусиянын Мамлекеттик Думасы карайт.