Бишкекке 27-мартта Санкт-Петербург шаарынан келген КМШ ПААнын делегациясынын мүчөлөрү - Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери Пётр Александров, Вячеслав Лялин, Григорий Куприященко “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болушуп, Ч.Айтматовдун күмбөзүнө, андан кийин Ленинград блокадасынын катышуучулары менен 1942-жылы кыргыз мамлекетине эвакуацияланган ленинграддык балдарды тарбиялаган кыргыз өлкөсүнүн жарандарына арналган мемориалдык комплекске гүлчамбар коюшту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Санкт-Петербург шаарынан келген ардагерлер 27-мартта Бишкек шаарында өткөн "Эскерүү эстафетасына" күбө болушуп, "Жашыл толкун" акциясынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата көчөт отургузушту.