Мамлекеттик социалдык буюртмалардын алкагында өкмөттүк эмес секторлор арасындагы өнөктөштүк кеңейтилет. Бул тууралуу социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Бишкекте өткөн тегерек столдо билдиргенин Социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Министрдин айтымында, мамлекеттик буюртманы каржылоо акыркы жылдары 5 эсеге өстү.
"2009-жылы биз 4,3 миллион сом берсек, былтыр 22,5 миллион бөлдүк. Бул каражатка биз ар бир облуста карыларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жана турмуштук оор кырдаалда калган балдарга түрдүү кызматтарды көрсөтүүчү борборлорду ачтык. Буга чейин иштеп келген борборлорду колдоого алдык, алардын бири Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелеринин ассоциациясы",- деди Базарбаев.