Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 27-мартта Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышты. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев долбоордун биринчи этабы аяктаганын, каржылоо жагынан көйгөй жоктугун билдирди. "Долбоордун экинчи этабы ишке ашырылууда, жакында үчүнчү этабы башталат. Көпүрөнүн курулушу 1 айга эрте жүрүүдө, күзүндө аяктайт. Шаардын бардык тургундары курулуштун аякташын чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Эстакадалык көпүрөнүн курулушу - улуттук деңгээлдеги долбоор",- деди мэр.
Жоомарт Оторбаев көпүрө сапаттуу курулушу керектигин эскертти. "Курулуш иштери өз мөөнөтүндө аякташы керек жана бул көпүрө бир нече муунга кызмат кылгыдай сапаттуу болушу шарт",- деди өкмөт башчы.