Электр энергиясын колдонуу азайтылбаса, 2016-жылдын апрелинде кыргыз өлкөсү жарыксыз калышы мүмкүн

Электр энергиясын колдонуу азайтылбаса, 2016-жылдын апрелинде Токтогул суу сактагычы коркунучка кептелиши мүмкүн. Муну 27-мартта энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев өкмөттүн жыйынында билдирди. "Божомолдор боюнча, 2015-жылы республикада 2 миллиард метр кубдан ашык сууну үнөмдөө зарыл. Эгер мындай кылбасак, 2016-жылдын апрелинде Токтогул суу сактагычындагы суу кооптуу абалга чейин түшүп кетет, бул 4,5 миллиард метр кубга чейин түшөт дегендик. Мындай учурда өлкөдөгү бардык электр станцияларынын иши токтошу мүмкүн",- деди министр. 
Турдубаев өлкөнү жарыксыз калтырбоо үчүн электр энергиясын импорттоо, Бишкек ЖЭБинин кубаттуулугун күчөтүү же электр энергиясын колдонууну азайтуу керектигин белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан