Мамлекеттик чек ара кызматында 17 кызматкерге "кенже лейтенант" чини берилди

Мамлекеттик чек ара кызматында бүгүн, 28-мартта мекеменин 17 кызматкерине биринчи офицердик "кенже лейтенант" чинин тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Прапорщиктердин квалификациясын жогорулатуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Кадрларды даярдоо борборундагы кадрларды тандоо иштерине багытталганы айтылды. Кадрларды тандоо офицерлерди даярдоо программасына ылайык өткөрүлдү. 
Чек ара кызматынын Башкы штабынын башчысы Искендер Мамбеталиев программа офицерлерди заманбап талаптарга ыңгайлаштырып, кенже офицердик курамды даярдоого мүмкүндүк берерин белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан