Жогорку Кеңештин вице-спикери
Бөдөш Мамырова бүгүн, 28-мартта Аламүдүн районунун Степное айылындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №2-мекемесиндеги (аялдар
абагы) Мусулман аялдар борборунун ачылышына катышты. Мамырова мекемедеги аялдарга кайрылып, депутаттар “Мунапыс жөнүндө” мыйзам
долбоорун демилгелешкенин, мунапыстын бул ирет абактагы аялдарга жана өспүрүм балдарга
колдонулары аталган мыйзамдын өзгөчөлүгү экенин белгиледи.
"Мунапыс жөнүндө" мыйзам долбоору Жогорку
Кеңеште 3-окуудан өтүп, президент тарабынан колдоого алынат деп ойлойм",- дейт Мамырова. Депутат абактагылардын жашоо шарты менен таанышып чыкты.