Чүйдө жардыргыч зат чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 28-мартта Чүй облусунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жардыргыч каражаттарын өндүрө турган заводдун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Кытай инвестициясынын эсебинен курулуучу завод тоо-кен өндүрүшүндө колдонулуучу жарылгыч заттарды чыгармакчы. Сарпашев курулушу башталган заводдун уникалдуулугун белгилеп: "Бүгүнкү күндө бул завод аммонит өндүрүү боюнча жалгыз ишкана болмокчу. Андан чыгарылган каражаттар жол, жогорку кубаттуулуктагы электр линияларын курууда, тоо-кен иштеринде колдонулат. Өкмөт инвесторлорду колдоого бардык жардамды көрсөтөт",- деп билдирди.  
Өкмөттүн билдиришинче, заводдун курулушуна 5 миллион доллар жумшалып, 2016-жылы ишке кирчү мекемеде 60 адам жумуш менен камсыздалат. Ишкана жергиликтүү бюджетке жылына 150 миллион сом салык төгөрү пландалууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан