2015-жылдын республикалык бюджетинде социалдык тармакка 58 миллиард 188 миллион сом каралган

Кыргыз мамлекетинде 2014-жылы социалдык тармактын чыгымдары 57 миллиард 242 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, социалдык тармактын чыгымдары 2013-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 2014-жылы 4 миллиард 766 миллион сомго көбөйгөн. 2015-жылдын республикалык бюджетинде социалдык тармакка 58 миллиард 188 миллион сом каралган. Анын 24 миллиард сому социалдык коргоого, 20 миллиард сомдон ашууну билим берүүгө, 11 миллиард 815 миллион сому саламаттыкты сактоого, 2 миллиард 249 миллион сому маданиятка жумшалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан