Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кургак учукка каршы саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо механизмдерине тийиштүү көйгөйлүү маселелерди талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү. Жыйынга Саламаттыкты сактоо министрлигинин, “Кургак учукту жеңебиз” долбоорунун өкүлдөрү катышты.
"Бул кызматтын Бирдиктүү төлөөчү тутумунун бюджетин түзүү ыкмалары жана аткаруу эрежелери боюнча каржыланууга өтүшү сыяктуу көйгөйлүү маселелер аныкталды. Алардын чечилиши үчүн каржылоонун жалпы эрежелерин жана механизмдерин кайра карап чыгуу муктаждыгы айтылды",- деп билдирет аталган мекеме.