Транспорт жана коммуникация министрлигинде жаңы кызматтык дайындоолор болду. Министрликтин басма сөз кызматынын билдиришинче, 2015-жылдын 18-мартындагы өткөн сынактын негизинде 8 кадр жаңы кызматка дайындалды. Алар:
Кеңешбек Дөөлөтов - Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.
Элмира Жолоочиева - Транспорт жана коммуникация министрлигинин жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн башкы адиси.
Асейин Кожомбердиев - Транспорт жана коммуникация министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башкы адиси.
Нурлан уулу Муктарбек - Транспорт жана коммуникация министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын жол тармагындагы маалыматтык-аналитикалык иштер бөлүмүнүн адиси.
Салтанат Сатарова - Транспорт жана коммуникация министрлигинин Экономика, каржы жана ички аудит башкармалыгынын адиси.
Нурбүбү Ногойбаева - Транспорт жана коммуникация министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн мамлекеттик тил боюнча башкы адиси.
Нурсултан Мукаев - Транспорт жана коммуникация министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн адиси.
Максатбек Жаанбаев - Транспорт жана коммуникация министрлигинин Байланыш жана маалыматташтыруу башкармалыгынын башкы адиси.