Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү жеке жактар үчүн эртең, 31-мартта аяктай турганын эскертет.
Аталган мөөнөткө чейин бирдиктүү салык декларациясын мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай тилкелеринен башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар берүүгө милдеттүү.
Салык органдары эртең мененки саат 09:00дөн түнкү 12ге чейин жеке жактардан декларацияларды кабыл алууну жүзөгө ашыруу менен күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жарандар аны 18:00дөн кийин берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.