Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев ири соода базарлары бар аймактарга көбүрөөк акча каражат бөлүү керектигин айтты.
"Айрым аймактарга көп акча бөлүнөт, башкаларга азыраак түшөт. Мисалы, Кара-Сууда ири базар бар. Бул районду өнүктүрүү туура, анткени мындай борборлор шаарга айланышы керек. Мындан тышкары аймактарды өнүктүрүү багытында өкмөт ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши керек. Бирок, тилекке каршы, жергиликтүү бийлик мындай өзгөрүүлөргө кызыкдар эмес",- деди депутат.