Бүгүн, 30-март күнү мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев Брюссель шаарында Бельгиянын падышасы
Филипп менен жолугушуу өткөрдү. «Бетме-бет» форматында өткөн жолугушууда
кыргыз-бельгиялык мамилелерди өнүктүрүү маселелери, ошондой эле түрдүү
тармактарда мындан ары кызматташуунун келечеги талкууланды. Эске салсак, президент 22-марттан тартып Европа өлкөлөрүндө расмий иш сапарлары менен жүрөт жана ал 2-апрелге чейин созулат.