Өлкөнү ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн Дүйнөлүк банк 16,5 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр

Өлкөнү ичүүчү суу менен камсыздаш үчүн Дүйнөлүк банк 16,5 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында Ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз тарап Дүйнөлүк банкка Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы 30га жакын айылды суу менен камсыздоо иштерин алып барууну сунуштап жатат. "Мындан тышкары ичүүчү суу маселесин чечиш үчүн департамент 100 миллион евро издеп табууга ниеттенүүдө. Тышкы инвестициялардын жардамы менен 19 шаарды таза суу менен камсыздоону пландап жатабыз",- деди Токтошев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан