Чек ара тармагындагы укуктук жөнгө салууну аныктоого багытталган мыйзамды парламент комитети жактырды

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети мамлекеттик чек ара жөнүндөгү түшүнүктү азыркы учурдун талабын эске алуу менен тактап чыгуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды.

Айта кетсек, бул документ чек ара чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну аныктоого, андагы мамлекеттик органдардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын так жана даана көрсөтүүгө багытталган. Мыйзам долбоорунда чек араны аныктоо жана чек арага чектеш жайгашкан аймактарда өткөрүү жайларында чек ара пункттарын кармап туруу боюнча жалпы базалык маселелер аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан