Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги коррупциялык көрүнүштөр талкууланууда.
Депутат Бакытбек Жетигеновдун айтымында, былтыр аталган министрликтен 5 коррупциялык зона жана 34 коррупциялык схема табылган. "Ар бир мамлекеттик мекемеде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комиссиялар түзүлүшү керек. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинде дагы деле жок",- деп сынга алды депутат. Андан соң ал министрликтин өкүлдөрүнө кайрылып, аталган комиссияны тезирээк түзүү керектигин баса белгиледи.