Брюссель шаарында 28-мартта Бельгиянын Саламаттыкты сактоо фонду менен КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматташуусу жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Документке КРнын Бельгиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаев менен аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо фондунун төрагасы Хервиг Флиракерс кол коюшту.
Меморандумда медицинада академиялык жана клиникалык жаатта тажрыйба алмашуу, радиология жана лабораториялык диагностика тармагында иштешүү каралган. Бельгиялык тарап кыргыз жергесиндеги ооруканаларга кайтарымсыз чыпкалоочу жабдуу ыйгарды.