Депутаттар унаа ташуучулардын маселесин чечүүгө өкмөткө эки апта убакыт берди

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында 2015-жылдын 1-январына чейин чет өлкөлөрдөн кыргыз жерине унаа алып келген ишкерлердин маселеси каралды. 

Бажы кызматынын башчысы Шамил Бердалиевдин айтымында, бул маселени чечүү боюнча сунуш Экономика министрлигине жөнөтүлгөн. Мындан тышкары ал бул багытта жумушчу топ иш жүргүзүп жатканын баса белгиледи.

Жыйынтыгында аталган комитет өкмөткө 2 аптанын ичинде унаа ташуучулардын маселесин чечүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек,  2015-жылдын 1-январында автоунааларга жаңы бажы төлөмдөрү күчүнө кирген. Бирок бир топ унаа ташуучулар бул мөөнөткө чейин унааларын кандайдыр бир себептерден Кыргыз Республикасынын аймагына жеткире алышкан эмес. Мындан улам бажы салыгы кымбаттап, жеткирилүүчү унаалар 2-3 эсе кымбаттап кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан