Бишкектеги 3,5 миң документсиз үйдү мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоорун тармактык комитет жактырды

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинде Бишкек шаарындагы 3589 документсиз үйдү мыйзамдаштырууга багытталган «2012-жылдын 3-августуна чейин өзүм билемдик менен жеке турак жайлар курулган жер тилкелерин легалдаштыруу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, парламенттин кароосуна экинчи окууда алып чыгуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, депутат Өмүрбек Текебаев ушу тапта чейрек кылым аралыгында ордо калаанын чет-жакасында жарым миллионго жакын адам жашаган 47 жаңы конуш салынганын, ар кандай себептерден улам 6 миңден ашуун турак жай ушу кезге чейин документтештириле электигин билдирди. «Бишкек мэриясы алардын ичинен 3589 үйдү документтештирүүгө макулдугун берди. Антпесек, документи жок жарандар балдарын же мектепте окута албайт, же бала бакчага бере албайт. Алар социалдык жеңилдиктерден куру калышкан»,- деди Текебаев.

Эл өкүлү мындай абал Ош шаары баш болгон башка шаарларда да орун алганын белгиледи. «Жалпы өлкө боюнча 38 миңден ашуун документи жок үй бар экен. Алардын айрымдары 50-жылдары эле салынганына карабастан, ар кандай себептерден улам ушул кезге чейин документтештирилген эмес. Мунун баары бирдиктүү саясаттын жоктугунан улам болууда. Бул көйгөйдү мыйзам жолунда чечип, биротоло чекит койбосок болбойт. Ал эми мыйзам боюнча тыюу салынган жерлерге курулган үйлөрдүн тагдыры мыйзам алкагында гана чечилүүгө тийиш»,- деп кошумчалады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан