Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, жаңы ийгиликтерди каалады. Бул тууралуу 30-мартта Кремлдин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, телефон аркылуу сүйлөшүүдө өлкө лидерлери орус-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн жана кызматташууну мындан ары да күчөтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.
Айта кетсек, Өзбекстанда президенттик шайлоо 29-мартта өттү. Анын жыйынтыгы расмий түрдө жарыялана элек. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматтары боюнча, И.Каримов 17 миллиондон ашуун добуш топтоду (жалпы шайлоочулардын 90,39 пайызы).