Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин тапшырмасы менен мектепке чейинки билим берүү мекемелерине электрондук кабыл алуу программасын ишке киргизүү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте бала бакчаларга киргизүүгө 1549 бала, Ошто 1700 бала кезекте турат. "Мындай программа коррупциялык механизмдерди жоюу максатында ишке ашырылууда. Азыркы тапта Бишкек жана Ош шаарларында балдарды бала бакчага электрондук түрдө кабыл алуу боюнча систем колдонулууда. Ар бир ата-эне баласы тизмеде кайсы орунда экенин тиешелүү интернет-сайттар аркылуу көрө алат",- деп билдирет өкмөт.