Спикердин басма сөз катчысы: "Асылбек Жээнбеков бир дагы журналистти сотко берген эмес"

"Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бир дагы ММКны же журналистти сотко берген эмес. Айрым маалымат булактары быйылкы жылдын 1-апрелинде Бишкектин Ленин райондук сотунда Асылбек Жээнбеков менен гезиттердин биринин ортосунда соттук отурум өтөрүн жарыялашкан. Бул карандай калп". Мындай пикирди парламент жетекчисинин басма сөз катчысы Нурканбек Керимбаев билдирди. 

"Парламент жетекчиси сөз эркиндиги жана адилеттүүлүктүн жактоочусу. Спикер өлкөнүн кызыкчылыгына иштеген маалымат каражаттарына эч кандай кысым жасалбашы керек деп эсептейт. Урматтуу журналисттер, түшүнбөстүктөр жаралбаш үчүн бардык тараптын пикирине орун берүүгө чакырам. Адил Турдукулов сыяктуулар жалган маалымат таратуу менен алектенүүнү токтотсо дейбиз",- дейт Керимбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан