Жогорку Кеңештин депутаттары Баткендеги аялдардын спирт ичимдиктерин сатууну азайтуу сунушун колдоорун билдиришти

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева менен Майрамкан Кадырбекова Баткен облусунун айым депутаттары жана жергиликтүү активисттер менен жолугушту. Парламенттин маалымат кызматы 31-мартта билдиргендей, жолугушууда аялдардын парламенттик шайлоого катышуусу, партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин түзүү тартиби, андагы гендердик квотаны сактоо жана аны бузгандардын жоопкерчилигин кароо маселелери талкууланды.

Социалдык багыттагы көйгөйлүү маселелер да көтөрүлгөн. Парламент депутаттары Баткен облусундагы аялдардын спирт ичимдиктеринин сатылышын чектөө боюнча сунушун колдой тургандыктарын, азыркы учурда адамдардын мас абалында жасалган кылмыштардын саны арбып жатканын айтышып, мындай чаралар алардын кыскарышына түрткү берерин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан