"Балдарды зордуктоого бөгөт коюу маселеси курч" деди башкы прокурор Индира Жолдубаева

Балдардын укуктарын коргоо, татыктуу багуу, тарбиялоо жана окутуу, аларды зордуктоого бөгөт коюу маселеси курч бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы Башкы прокуратуранын текшерүүлөрү аркылуу көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып, алар боюнча 1700дөн ашык чара көрүү актылары киргизилген. "Прокурордук чара көрүү актылары боюнча административдик жана тартиптик жоопкерчиликке 1200дөн ашык адам тартылды. Бул чөйрөдөгү башкы көйгөйлөрдүн бири - балдарга карата жасалган кылмыштар. Мындай кылмыштардын саны 1045тен 909га чейин же 13 пайызга кыскаргандыгына карабастан, анын ичинен 16,5 пайызы инсандыгына жана жыныстык кол тийгистигине каршы жасалган кылмыштар болууда. 

Балдар көпчүлүк учурда ата-энелери жок учурда өздөрүнүн туугандары тарабынан зомбулукка кабылышууда. Статистикалык маалыматтар бул жааттагы иштердин чыныгы абалын толук көлөмдө чагылдыра албайт",- деди Жолдубаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан