"Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиевдин 100 миң доллар пара алууга шектелип жатышы жалпы прокуратура системине катуу сокку болду". Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.
"Прокуратура кызматкерлеринин көпчүлүгү Арпачиевдин кылган ишин айыптайт. Аталган факт жалпы системдүү эмес, бир эле жолу орун алган окуя. Буга "адам артка чегинди" деп караш керек. Ал эми "жалпы прокуратура системи коррупцияланган" деп айтуу туура эмес",- дейт башкы прокурор.
Эскерте кетсек, 27-мартта Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы К.Арпачиев 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы жарыяланган.